БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кечээ түнү Кыргызстандын эки аймагындагы өрт кырсыгынан эки киши күйүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Биринчи кырсык Бишкектеги Ак-Бата конушундагы үйдөн чыккан. Оокат жай өрттөнүп, үйдүн 58 жаштагы ээсинин күйгөн сөөгү табылган.
Ал эми экинчи окуя Майлуу-Суу шаарында болгон. Фин тибиндеги турак үйдүн 80 чарчы метр жыгач шыбы, үй-тиричилик буюмдары күйүп, тилсиз жоо 61 жаштагы кишинин өмүрүн кошо алып кеткен.
ӨКМ өрткө электр жабдууларын пайдалануунун техникалык эрежелеринин бузулушу себеп болгондугун билдирди.