БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы таймашууга журналисттерди чакырып жатканын Хоккей федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, оюн 8-февралга белгиленген. Мелдешке керектүү бардык шаймандар менен федерация камсыздай турганын белгиледи.
Улуттук команда эки жумадан бери 19-26-февраль күндөрү Японияда өтө турган кышкы Азия оюндарына даярдык көрүп жатат. Бишкекте өтүп жаткан машыгуу 10-февралда аяктайт.