ИИМ 2 млн. сомго күйүүчү май сатып алганы жатат

Жазылуу
Тендер 25-январда жарыяланып, мөөнөтү 27-январда аяктайт.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин алдындагы Автотранспорт чарбачылыгы күйүүчү май сатып алуу үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, чарбачылык Аи-92 үлгүсүндөгү бензин менен дизель майын сатып алуу үчүн 2 миллион 076 миң 984 сом сарптоого даяр.

Тендер 25-январда жарыяланып, мөөнөтү 27-январда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0