ОШ, 23-янв. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө авиакырсыктан жабыркагандар үчүн чогулган 30 миң сом жана ноутбук уурдалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев аймактык кабарчыга билдирди.
"Окуя 21-январдан 22-январга караган түнү болгон. Ууру маданият үйүнүн чатырынан кириптир. Бул акча мечиттерден жана жашоочулардан чогулган", — деди ал.
Ашырбаев өз сөзүндө учурда шектүү жарандарды издөө үчүн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, 16-январь күнү эртең менен Гонкогдон Стамбулду көздөй келе жаткан Boeing-747 учагы "Манас" аэропортуна май куюу үчүн токтомок болгон Дача айылына кулап, кырсыктан 39 кишинин өмүрү кыйылган.