БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кызматкери, 70 жаштагы пенсионер Бермет Казиева авиакырсыктан жабыркагандарга өзүнүн 20 миң сом өлчөмүндөгү пенсиясын бергендигин окуу жайдын маалымат катчысы Абилилла Пазылов билдирди.

Авиакырсыктан жабыркагандар үчүн ӨКМ ачкан атайын эсепке которулган каражаттын квитанциясы
© Фото / пресс-служба КГМА
"Өзүм Кочкор районунун алыскы айылдарынын биринде жетим болуп чоңойгом. Ата-энесиз калган баланын кайгысын өз башыман кечиргем. Ошондуктан кырсыктан жабыр тарткан адамдардын ден-соолугу жакшырып, аманчылыкта болушун тилейм", — деди Казиева.
Пазыловдун айтымында, Казиева ошондой эле жалпы элдин башына түшкөн оор күндөрү элди бөлүп-жарууга аракет кылган адамдардын бар экенине кабатырланат.
