БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Жайыл районунун милиция кызматкерлери дүкөндү тоноо боюнча шектелген адамды кармаганын Чүй ОИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, милицияга Кара-Балта шаарынын тургуну арыз менен кайрылган.
Жабырлануучунун айтымында, 12-январь күнү түшкө маал европа улутундагы адам кирип, дүкөнчүнү коркутуп сегиз миң сом акчасын алып кеткен.
Дүкөн шаардагы базарлардын биринде орун алган.
"Милициянын ыкчам аракетинин жыйынтыгында 37 жаштагы жергиликтүү жаран кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.