Ал эми кайсы мамлекет майрамды кантип, качан тосот жана эмнеси менен өзгөчөлөнөрүн билесизби? Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги эң кызыктуу делген фактыларды сунуштайт.
2. Микронезияда жаңы жыл салттуу түрдө 1-январда белгиленет. Бул күнү аралда жашагандардын баары жаңы ысымга ээ болуп, аны жакындарына шыбырап айтышат. Шыбырларын жин-шайтандар угуп калбасын деп жакындары ошол маалда барабанды катуу ургулашат.
3. Италияда майрамдын алдында эски кийимдерин терезеден сыртка ыргытышат. Канчалык көп буюм ыргытылса, жаңы жылда ошончолук байлык жана ийгилик келет деген ишеним бар.
4. Японияда жаңы жылды таң аткан учурда тосушат. Алар бири-бирине "Такара бунэ" деп аталган күрүч толтурулган кеме сувенирин беришет. Себеби "Такара бунэ" деген жел кемесинде жети сыйкырчы, ийгиликтин жети атасы жана бакыттын жети кудайы сүзүп жүрөт деп ойлошот. Ошол кемеге күрүч салынганы — бакубат жашоо менен бакыттын белгиси.
5. Тибеттиктер жаңы жылдын алдында токоч жасап, аны жолдон өткөндөргө таратышат. Канчалык көп токоч берилсе, ошончолук көп байлык келет деген ишеним бар.
7. Скандинавияда майрамдык дасторконго бадамдын бир данеги салынган күрүч боткосу коюлат. Ким ошол данекти таап алса, ал ошол жыл бою бактылуу болот деген ишеним калыптанган.
8. Англияда түнкү саат 12ге аз калганда үйдүн арткы эшигин ачып, эски жылды узатышат. Ал эми сааттын жебеси 00.00дү какканда алдыӊкы эшикти ачып, жаңы жылды тосуп алышат.
9. Кубада майрам күнү үйдөгү болгон идиш-аякты суу менен толтурушат. Ал сууну жаңы жылдын түнүндө эшикке чачышат. Бул күнөөлөр суу менен кошо чыгып кетсин дегенди түшүндүрөт. Мындан тышкары, Кубада жаңы жыл майрамын "Падышалар күнү" деп аташат.
10. Эквадорлуктар жаңы жылдын алдында кагазга бүт терс көрүнүштөрдү жазып, аны самандан жасалган адам сымал куурчак менен кошо өрттөшөт. Бул жамандыктын баары ошону менен чыгып кетсин деген маанини туюндурат.
12. Эфиопияда жаңы жылды 11-сентябрда тосушат. Кызыгы, ал мамлекетте дагы деле Юлиан календары колдонулуп келет.
13. Шотландияда 1-январга караган түнү эл шарап, бир даана таш көмүр жана бир кесим таттуу нан алып, жакындарынын үйүн кыдырышат. Көмүр жылуулукту чагылдырса, шарап менен нан — токчулук менен молчулуктун белгиси.
14. Германияда белектерди терезенин текчесине коюшат. Кичинекей балдар Вайнахтсман деген Аяз ата таштап кетиптир деп ишенишет. Швецияда да Юль Томтен деген аяз ата белектерди мешке "коюп кетет".