БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңы жылдык майрамга карата күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, мындай буйрукка ӨКМ министри Кубатбек Боронов кол койгон.
"31-декабрь күнү ӨКМдин өрт өчүрүү кызматынын 800 кызматкери күзөттө турат. Ошондой эле 160 атайын техника тартылат", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик өзгөчө кырдаалдар жаралган учурларда акысыз 112 номуру аркылуу байланышууга чакырат.