Интерпол издөөгө алган кыргызстандык кыз-келиндер

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок с официальной страницы Международной организации уголовной полиции (Интерпол)
Снимок с официальной страницы Международной организации уголовной полиции (Интерпол) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөөгө алынгандардын эң улуусу 69 жашта болсо, эң кичүүсү 26 жашка чыккан.

2016-жылдын аягына чейин Интерпол аркылуу изделген кыргызстандык кыз-келиндердин саны экиге гана кыскарган. Жыл башында 24 киши болсо, азыр 22 аял таптырбай жүрөт. Интерполдун сайтында 160 кыргызстандыктын аты-жөнү илинип турат. Алардын жарымынан көбү экономикалык кылмыштар үчүн издөөгө алынган. 

Интерпол тарабынан изделген Кыргызстандын "абройлуу" кылмышкерлери
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги издөөгө алынган кыз-келиндерди тизмектеп, алар кайсы кылмыштар үчүн изделип жатканына саресеп салды.

Алардын дээрлик жарымы (тогуз аял) алдамчылык менен айыпталып, издөөгө алынган. Төрт аялга баңгизатты сатуу же сактоо боюнча кине коюлган. Эки кыргызстандык аялдын жеке өзүнө кылмыш иши козголгон. Дагы эки аял кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана паракорчулук боюнча айыпталган. Ал эми бир аял террордук уюмдарга жардам берген деген айып менен изделип жатат.

Аталган аялдардын аты-жөнү Интерполдун сайтына Кыргызстандык укук коргоо органдарынын сунушу менен жайгаштырылган. Эгер бул жарандарды көрүп-билип калгандар болсо жакынкы ички иштер органдарына кайрылып коюуну суранышат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековОлуттуу экономикалык кылмыш үчүн издөөгө алынгандардын башында 63 жаштагы Елена Белковская турат
Объявленная в розыск 63-летняя гражданка КР Елена Белковская - Sputnik Кыргызстан
Олуттуу экономикалык кылмыш үчүн издөөгө алынгандардын башында 63 жаштагы Елена Белковская турат

1. Олуттуу экономикалык кылмыш үчүн издөөгө алынгандардын башында 63 жаштагы Елена Белковская турат. Ал Аскар Акаев президент болуп турганда өкмөттүн укук бөлүмүн жетектеген. Белковская 2009-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча келишимге кол коюуда коррупциялык алдамчылыкка барган деп айыпталууда.

Өзгөчө белгилери: кара чачтуу көк көз аял, бою 167 сантиметр. 

© Sputnik / Табылды КадырбековИздөөгө алынган кыргызстандыктардын ичинен эң улуусу 69 жаштагы Кашко Людмила Николаевна
Объявленная в розыск 69-летняя гражданка КР Людмила Кашко - Sputnik Кыргызстан
Издөөгө алынган кыргызстандыктардын ичинен эң улуусу 69 жаштагы Кашко Людмила Николаевна

2. Издөөгө алынган кыргызстандыктардын ичинен эң улуусу 69 жаштагы Кашко Людмила Николаевна. Ал алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Орусчадан башка тил билбейт. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков61 жаштагы Муяссархан Жалалова дагы алдамчылык боюнча издөөгө алынган
Объявленная в розыск 61-летняя гражданка Кыргызстана Муяссархан Жалалова - Sputnik Кыргызстан
61 жаштагы Муяссархан Жалалова дагы алдамчылык боюнча издөөгө алынган

3. 61 жаштагы Муяссархан Жалалова дагы алдамчылык боюнча издөөгө алынган. 

Өзгөчө белгилери: бою 165 сантиметр, салмагы 75 килограмм, чачы күрөң, кой көз 

© Sputnik / Табылды КадырбековАл эми Ысык-Көл облусунун 52 жаштагы тургуну Осмоева Салтанат Сатаровна жалган ишкерлик кылганы үчүн издөөгө алынган
Объявленная в розыск 52-летняя гражданка КР Салтанат Осмоева - Sputnik Кыргызстан
Ал эми Ысык-Көл облусунун 52 жаштагы тургуну Осмоева Салтанат Сатаровна жалган ишкерлик кылганы үчүн издөөгө алынган

4. Ал эми Ысык-Көл облусунун 52 жаштагы тургуну Осмоева Салтанат Сатаровна жалган ишкерлик кылганы үчүн издөөгө алынган.

Өзгөчө белгилери: бою 155 сантиметр, салмагы 60 килограмм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл облусунун дагы бир 52 жаштагы тургуну Айнура Сыдыкова баңгизатын жайылтканы үчүн изделип жатат.
Объявленная в международный розыск 52-летняя гражданка Кыргызстана Айнура Сыдыкова, уроженка Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл облусунун дагы бир 52 жаштагы тургуну Айнура Сыдыкова баңгизатын жайылтканы үчүн изделип жатат.

5. Ысык-Көл облусунун дагы бир 52 жаштагы тургуну Айнура Сыдыкова баңгизатын жайылтканы үчүн изделип жатат.  

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мыйзамсыз чыгып кеткени жана документтерди жасалмалаганы үчүн 28 жаштагы Айна Кошумова дагы Интерпол аркылуу издөөгө алынган
Объявленная в международный розыск 28-летняя гражданка Кыргызстана Айна Кошумова - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын мыйзамсыз чыгып кеткени жана документтерди жасалмалаганы үчүн 28 жаштагы Айна Кошумова дагы Интерпол аркылуу издөөгө алынган

6. Кыргызстандын мыйзамсыз чыгып кеткени жана документтерди жасалмалаганы үчүн 28 жаштагы Айна Кошумова дагы Интерпол аркылуу издөөгө алынган.

Өзгөчө белгилери: кой көз, бою 165 сантиметр, салмагы 60 килограмм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДокументтерди жасалмалаганы үчүн Чүй облусунун 27 жаштагы тургуну Карина Рустамова изделет
Объявленная в международный розыск 27-летняя гражданка Кыргызстана Карина Рустамова - Sputnik Кыргызстан
Документтерди жасалмалаганы үчүн Чүй облусунун 27 жаштагы тургуну Карина Рустамова изделет

7. Документтерди жасалмалаганы үчүн Чүй облусунун 27 жаштагы тургуну Карина Рустамова изделет.

Өзгөчө белгилери: чачы кара, кой көз. Бою 170 сантиметр, салмагы 70 килограмм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТеррордук уюмга жардам берген деген шек менен 29 жаштагы Кундуз Дөөлөтжанова Интерполдун линиясы аркылуу эл аралык издөөгө алынган
Объявленная в розыск 29-летняя гражданка КР Кундуз Доолотжанова - Sputnik Кыргызстан
Террордук уюмга жардам берген деген шек менен 29 жаштагы Кундуз Дөөлөтжанова Интерполдун линиясы аркылуу эл аралык издөөгө алынган

8. Террордук уюмга жардам берген деген шек менен 29 жаштагы Кундуз Дөөлөтжанова Интерполдун линиясы аркылуу эл аралык издөөгө алынган.

Өзгөчө белгилери: кой көз, бою 165 сантиметр, салмагы 65 килограммды түзөт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековИздөөгө алынгандардын ичинен эң жашы 26 жаштагы Волайдза Жейран Тахировна
Объявленная в розыск 26-летняя гражданка КР Джейран Волайдза - Sputnik Кыргызстан
Издөөгө алынгандардын ичинен эң жашы 26 жаштагы Волайдза Жейран Тахировна

9. Издөөгө алынгандардын ичинен эң жашы 26 жаштагы Волайдза Жейран Тахировна. Ата теги казак-күрд. Ага баңгизатын сатып, сактаган деген кине коюлууда. Кыргызстандын жараны болгон Жейран Казакстандын Түштүк-Казакстан аймагында төрөлгөн. Орус жана күрд тилин билет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековИнтерполдун жаңыланган тизмесинде 22 жаштагы Үмүт Жангазиеванын аты-жөнү чыккан жок
Объявленная в международный розыск 22-летняя гражданка Кыргызстана Умут Джангазиева, уроженка Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Интерполдун жаңыланган тизмесинде 22 жаштагы Үмүт Жангазиеванын аты-жөнү чыккан жок

Интерполдун жаңыланган тизмесинде 22 жаштагы Үмүт Жангазиеванын аты-жөнү чыккан жок. Ал эл аралык издөөгө алынган эң жаш кыргызстандык катары белгилүү. Жангазиева киши уурдады деп издөөгө алынган болчу.

Тизмедегилердин жарымы алдамчылык боюнча изделип жаткандыктан көбүнүн сүрөттөрү Интерполдун сайтында жок болуп чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0