БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik, Таалайбек Ороскулов. Интерполдун сайтында Кыргызстандык 160 киши издөөдө жүргөнү жарыяланган. Алардын баары оор кылмыш жасоого шектелип, кара тизмеге кирген.
Ушуга байланыштуу Sputnik Интерполдун багыты менен издөө жарыяланган кыргызстандык жарандардын тизмесине кызыгып көрдү.
Кыргызстандын "абройлуу" ууру-кескилери төмөнкүдөй:
Олимпиаданын вице-чемпиону Жуманазаров Каныбек Сатымкулович криминалдык чөйрөдө "Кана" аттуу каймана ат менен белгилүү болуп, Максат Абакировдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болуп саналат. Кана адам өлтүрүүгө жана каракчылыкка тиешеси бар деп шектелүүдө.
Асанбековдун кылмыштуу тобунун мүчөсү Баха, же Аманкулов Бактыбек Сарылбекович, алдын ала сүйлөшүү менен топтошуп акча талап кылуу жана башка кылмыштык ишмердүүлүгү үчүн издөөгө алынган.
Жонни мушкер, же Абдикаримов Акрамжан Хасанбаевич, ар кыл кримминалдык топтордун мүчөсү экени маалым. Киши өлтүрүүгө жана бир катар массалык баш аламандыкты уюштурууга катышкан деп шектелүүдө.
Буга чейин соттолуп чыккан Чоро каймана аты менен белгилүү Сулайманов Алмазбек Аскарович — Максат Абакировдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү. Ири көлөмдөгү мүлккө ээ болуу максатында топтошуп каракчылык кылгандыгы үчүн айыпталууда.
Кыргызстандын кылмышкер ишкерлери
2011-жылдын 22-февралынан тарта Бишкектеги "Дольче Вита" кыймылсыз мүлк агенттигинин түзүүчүлөрүнүн бири 37 жаштагы Березовский Алексей Викторович изделип келет. Ага шылуундук беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Интерпол "Альфа-Телеком" компаниясынын экс-башкы директору Силич Андрей Григорьевичти издеп келет. Ал шылуундук кылып, коммерциялык уюмдун өкүлү катары кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген күнөө коюлган.
Жаныш Бакиевдин (Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин иниси) уулу 32 жаштагы Бакиев Искендер Жаныбекович алдамчылык, коммерциялык уюмдун өкүлү катары кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү беренелери боюнча айыпталып жатат.
Кыргызстандын издөөгө алынган экс-чиновниктери
Кыргызстандын өкмөтүн 2002-2005-жылдары жетектеп келген мурунку премьер-министр Танаев Николай Тимофеевич коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.
Дагы бир өкмөт башчы Үсөнов Данияр Токтогулович мамлекеттик жерди бөлүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча күнөөлөнүүдө.
Кыргызстандын туңгуч президентинин администрация жетекчиси Касымов Тойчубек Касымович кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекеттик каражатты туура эмес пайдалануу боюнча шектелип келет.
Качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекеттик насыяны туура эмес колдонгондугу үчүн изделүүдө.
Массалык түрдө киши өлтүрүү, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана адам уурдоо боюнча айыпталып жаткан "Коопсуздук жана укук" коомдук фондусунун төрагасы Бакиев Жаныбек (Жаныш) Салиевич да Интерполдун кылтагына илинген.
Абактан качып чыккандыгы үчүн тактан кулатылган президенттин дагы бир иниси Жалал-Абад шаардык кеңештин экс-депутаты Бакиев Ахмат Салиевич да эл аралык издөөгө алынган.