БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. АКШ президенти болуп шайланган Дональд Трамптын сый тамагына Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлкан Молдобекова менен Сайдулла Нышанов барары белгилүү болгонун Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Гүлкан Молдобекова
ЖК депутаты Гүлкан Молдобекова
© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Сайдулла Нышанов
ЖК депутаты Сайдулла Нышанов
ЖК депутаты Гүлкан Молдобекова
ЖК депутаты Сайдулла Нышанов
Анын айтымына караганда, сый тамак келерки жылдын январь айынын аягына белгиленген.
"Жогорку Кеңештин атынан Гүлкан Молдобекова менен Сайдулла Нышанов бара турган болду. Алар 2-3 күн жүрүшөт. Депутаттар барып келген жол киресин, ал жактагы чыгымдарын өздөрү төлөйт. Бюджеттен бир дагы сом коробойт", — деди Нуракун уулу.
Анын айтымына караганда, аталган эки депутат эки тараптын эл аралык бөлүмдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн негизинде макулдашылып чакырылган.