БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Коткор айылында бир үй-бүлө көмүрдүн исине ууланып калган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Билдирмеге караганда, окуя 22-декабрга караган түнү болгон.
ӨКМдин маалымат кызматынын өкүлү Элмира Шерипова учурда каза тапкандардын өздүгү такталып жатканын билдирди.