БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Түп районунда Ысык-Көлдүн жээгине балык кармаганы барган кишинин кайыгы оодарылып чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге куткаруучулар барып көлдүн жээгинен 5-6 метр аралыкта балыкчынын жансыз денесин алып чыгышкан.
Ал эми чөккөн кайыктын ичиндеги 26 жаштагы экинчи адамдын сөөгү издөө иштеринин натыйжасында саат 08:50дө табылган.