Таш-Көмүр: 11 саат бою уранды алдында калган Байыскулов окуянын чоо-жайын айтып берди

© Фото / Улан БелекбаевЖалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарындагы ураган шахтанын алдында калып, эң акыркы болуп кечки саат 23:10 куткарылган Дайырбек Байыскулов
Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарындагы ураган шахтанын алдында калып, эң акыркы болуп кечки саат 23:10 куткарылган Дайырбек Байыскулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абадда 16-декабрь күнү ураган шахтанын алдында калып калган адамдардын өмүрү үчүн ӨКМ куткаруучулары түн ортосуна чейин күрөшүп, Дайырбек Байыскуловду аман алып калышты. Жабырлануучу учурда Таш-Көмүр шаардык ооруканасында дарыланып жатат.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарындагы ураган шахтанын алдында калып, эң акыркы болуп кечки саат 23:10 куткарылган Дайырбек Байыскуловдун абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жабырлануучулар дарыланып жаткан шаардык оорукананын башкы дарыгери Алмазбек Мырзасапаров билдирди. 

Эскерте кетсек, 16-декабрь күнү Таш-Көмүрдөгү шахтада мыйзамсыз көмүр казып жаткан төрт жаран уранды алдында калган. Анын экөө каза болуп, бирөө ооруканага жактырылган. Ал эми төртүнчү жаранды 28 куткаруучу кырсыктан 11 саат өткөндөн кийин аман-эсен табышкан.

© Фото / пресс-служба МЧС КРЖалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарындагы ураган шахтанын алдында калып, эң акыркы болуп кечки саат 23:10 куткарылган Дайырбек Байыскуловдун абалы канааттандырарлык.
Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарындагы ураган шахтанын алдында калып, эң акыркы болуп кечки саат 23:10 куткарылган Дайырбек Байыскуловдун абалы канааттандырарлык. - Sputnik Кыргызстан
1/4
Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарындагы ураган шахтанын алдында калып, эң акыркы болуп кечки саат 23:10 куткарылган Дайырбек Байыскуловдун абалы канааттандырарлык.
© Фото / пресс-служба МЧС КР16-декабрь күнү Таш-Көмүрдөгү шахтада мыйзамсыз көмүр казып жаткан төрт жаран уранды алдында калган.
16-декабрь күнү Таш-Көмүрдөгү шахтада мыйзамсыз көмүр казып жаткан төрт жаран уранды алдында калган. - Sputnik Кыргызстан
2/4
16-декабрь күнү Таш-Көмүрдөгү шахтада мыйзамсыз көмүр казып жаткан төрт жаран уранды алдында калган.
© Фото / Улан БелекбаевАнын экөө каза болуп, бирөө ооруканага жактырылган.
Анын экөө каза болуп, бирөө ооруканага жактырылган. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Анын экөө каза болуп, бирөө ооруканага жактырылган.
© Фото / Улан БелекбаевАл эми төртүнчү жаранды 28 куткаруучу кырсыктан 11 саат өткөндөн кийин аман-эсен табышкан.
Ал эми төртүнчү жаранды 28 куткаруучу кырсыктан 11 саат өткөндөн кийин аман-эсен табышкан. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Ал эми төртүнчү жаранды 28 куткаруучу кырсыктан 11 саат өткөндөн кийин аман-эсен табышкан.
1/4
Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарындагы ураган шахтанын алдында калып, эң акыркы болуп кечки саат 23:10 куткарылган Дайырбек Байыскуловдун абалы канааттандырарлык.
2/4
16-декабрь күнү Таш-Көмүрдөгү шахтада мыйзамсыз көмүр казып жаткан төрт жаран уранды алдында калган.
3/4
Анын экөө каза болуп, бирөө ооруканага жактырылган.
4/4
Ал эми төртүнчү жаранды 28 куткаруучу кырсыктан 11 саат өткөндөн кийин аман-эсен табышкан.

Жабырлануучу Байыскуловдун айтымында, ал шахта ураары менен эсин жоготуп, бир топ убакыт өзүнө келген эмес.

"Бир жерде үчөөбүз иштеп атканбыз. Бир маалда күрүлдөп бир нерсе кулап кеткендей угулду. Карасам, шахта урап келатыптыр. Калганы эсимде жок. Өзүмө келип, көзүмдү ачсам айланам капкараңгы, көкүрөгүм менен башымдан башка жеримдин баарын көмүр басып калыптыр. Ооруганын айтпагыла. Араң дем алып жаттым. Ошондо алыстан бир нерсе ургулап жаткандай угулду. Жардам сурап кыйкыра баштадым", — деди Байыскулов. 

ӨКМ куткаруучулары ошондон көп өткөй эле жабырлануучуну казып, куткарып алышкан.

Өмүр менен өлүм: селсаяктар люкка түшкөн адамды кантип сактап калганын айтып беришти - Sputnik Кыргызстан
Өмүр менен өлүм: селсаяктар люкка түшкөн адамды кантип сактап калганын айтып беришти
"Үстүм ачылып, адамдардын колдору көрүнгөндө өзүмдү таштап койдумбу, айтор, уктап кеткендей болдум. Андан кийинкиси кайра эле эсимде жок. Көзүмдү ачсам ооруканада жатыптырмын. Дароо келинчегиме телефон чалып берүүлөрүн өтүндүм. Эч нерсени ойлонууга чамам жеткен жок. Үйдөгүлөр менен байланышып, аманчылыгымды билдирдим", — деди жабырлануучу. 

Шаардык оорукананын башкы дарыгери Алмазбек Мырзасапаровдун маалыматына караганда учурда Байыскуловдун абалы канаттандыраарлык. 

"16-декабрь күнү болжол менен түнкү саат 11лер чамасында Таш-Көмүр шаарынын "Северный" участогунда көмүр казып жатып, урандынын астында калган Дайырбек Байыскулов ооруканага жеткирилди. Эч жери сынбаганы менен көкүрөгүнөн ылдый көмүр басып калыптыр", — деди башкы дарыгер.

Награждение двух студентов, спасших 6 человек  во время крупного ДТП в тоннеле Тоо-Ашуу - Sputnik Кыргызстан
ИИМ Төө-Ашуудагы тоннелде кырсыкка кабылгандарды сактаган студенттерди сыйлады
Анын айтымында, жабырлануучулардын алгачкы болуп Дамирбек Канатбеков ооруканага саат 15.00дө түшүп, хирургия бөлүмүнө жаткарылган. Анын абалы оорураак, жамбаш сөөгү сынып, майдананып кеткен.

"Канатбеков катуу шок алган. Азып пландык операция камын көрүп жатабыз", — деди Мырзасапаров. 

Бүгүн облус губернатору, КР саламатык тактоо министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча координатору ооруканага келип, жабырлануучулардан кабар алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0