00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:56
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Шаманский рэп и сказки народов Сибири: певица Наталья Нелюбова о том, чем они полезны современному человеку
08:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Тукумсуздук көбөйдү — аял күнөөлүүбү же эркекпи?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Новая эра трансплантологии: анализы для пересадки почки теперь делают в КР
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үй жаныбарларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө алып кирүү эрежелери — эмнелерди билүү керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЖККУ саммити 2025: саясий, аскердик кызматташуу, терроризмге жана коркунучтарга биргелешип каршы күрөшүү кандай жүрүүдө?
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
E-commerce EXPO 2025: электрондук коммерциянын ички рыногунун көлөмү канча?
15:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ишкерликте кадр маселеси мааниүүлүбү?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Бизнес по-новому: какие налоговые изменения вступят в силу с 2026 года
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Согди элдеринин кызы менен түрк элдеринин уулунун ортосунда түзүлгөн нике келишими табылды. Биздин доордогу IV-V кылымдардагы Улуу Жибек жолунун түрк-согди элдеринин жашоосуна тийгизген таасири
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
E-commerce EXPO 2025: электрондук коммерциянын ички рыногунун көлөмү канча?
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Шайлоо: Чаткалдагы гендердик теңсиздик чечкинсиз эркек депутаттардын санын арбытабы?

Жазылуу
Ал эми быйылкы шайлоого 53 депутаттык орунга 151 талапкер катталса, алардын жетөө гана аял.

ЖАЛАЛ-АБАД, 8-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордо эркектердин саны аялдарга караганда басымдуу болуп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына БШКнын Чаткал районундагы өкүлү Ашыркул Кулиев билдирди.

Анын айтымына караганда, Чаткал району боюнча жергиликтүү кеңештердин өткөн чакырылышында 64 депутат болгон болсо. Алардын 12си гана аял болгон. Ал эми быйылкы шайлоого 53 депутаттык орунга 151 талапкер катталса, алардын жетөө гана аял.

"Шаар жергесинде талапкерлер шайлоого тизме аркылуу аттанышат. Буга байланыштуу гендердик тең салмактуулук сакталып аялзатына жетишерлик орундар берилет. Ал эми айыл жерсинде талапкерлер шайлоого мажоритардык ыкма менен барышат. Буга байланыштуу аялдардын саны төмөндөп кетти", — деди Кулиев.

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинин мурдагы депутаты Айсалкын Кудайкулова эркек депутаттар айрым маанилүү маселелерди чечүүдө кенебестик мамиле жасашаарын белгиледи.

Женские очки. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад: КСДП тизмесиндеги чырдан улам АШК төрайымы ээрден шыпырылды
"Биздин учурда жыйырма бир депутаттын үчөө гана аял болчу. Аялдардын аздыгы терс таасирин тийгизбей койгон жок. Тагыраагы, эркек депутаттар айрым маселелерди чечүүдө бири-бирине жаман көрүнбөө үчүн кетенчиктей беришет. Мындай көрүнүш айрыкча район эли кен казган фирмалардын иштөөсүнө каршы чыккан убакта байкалды. Биз болсо эркектерден тойдо тойдой, иште иштей мамиле кылууну талап кылып маселени чечүү үчүн жан үрөдүк", — деди мурдагы депутат айым. 

Ал эми Чаткал айылдык кеңешинин мурдагы чакырылышындагы депутаты жана төрагасы Улар Сейталиев жергиликтүү кеңештерде аялдарга гана тиешелүү бир топ иштер бар экенин айтты.

"Жергиликтүү кеңештерде аялдарга гана тиешелүү бир топ маанилүү иштер бар. Мисалы, этика, саламаттык сактоо жана жаштар саясаты сыяктуу комитеттерди жетектөөдө аялдардын орду чоң. Эгер аялдардын саны көбөйсө адепсиз, орунсуз сөздөр айтылбай эркектердин жүрүм-туруму бир топ тартипке келмек", — деди Сейталиев.

Ал, тизме аркылуу шайланган учурда аялдарга орундар ыйгарылган сыяктуу эле, мажоритардык — башкача айтканда өзүн-өзү көрсөтүү жолу аркылуу шайланууда да атайын орундар ыйгарылса туура болмоктугун белгиледи.

Жалал-Абад шаардык кеңешке ат салышкандардын толук тизмеcин Sputnik Кыргызстандын инфоргафикасынан көрө аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0