Жалал-Абад: КСДП тизмесиндеги чырдан улам АШК төрайымы ээрден шыпырылды

CC BY 2.0 / Epicantus / by Daria / epicantusЖенские очки. Архивное фото
Женские очки. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиянын төрайымы Бактыкан Нуралиева тизме боюнча кеткен алешемдикти мойнуна алган.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. КСДП партиясынын тизмесиндеги чыккан чырдан улам Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиянын төрайымы Бактыкан Нуралиева иштен алынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган шайлоо комиссиясынын мүчөсү Дамир Жүндүбаев билдирди. 

КСДП партиясынын желекчелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад: КСДП талапкерлердин тизмесин өзгөртүп, мыйзамга ылайыкташтырды
Эске сала кетсек, буга чейин КСДП партиясынын Жалал-Абад шаардык кеңешке аттанып жаткан талапкерлеринин тизмесинде аялдардын квотасы сакталбагандыгы айтылып, "Ата-Журт", "Ата Мекен" жана "Өнүгүү — Прогресс" партияларынан аларды шайлоодон четтетүү боюнча арыз түшкөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы "Ата-Журт", "Ата Мекен" жана "Өнүгүү — Прогресс" партияларынын КСДПны шайлоодон четтетүү боюнча арызын четке кагып, тизме боюнча күнөөнү аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымына койгон эле. 

"Бүгүн аймактык шайлоо комиссиясында жыйын болуп, Бактыкан Нуралиева АШК төрайымдыгынан алынды. Анткени ал күнөөнү мойнуна алып, өзү арыз жазып берген. Негизи ошол киши тизмедеги алешемдикти байкабай өткөрүп жиберген. Анын ордуна Толгонай Матразакова төрайым болуп шайланды", — деди Жүндүбаев.

Белгилей кетсек, Жүндүбаев кечээ күнү Sputnik Кыргызстан агенттигине КСДП тизмесин өзгөртүп, мыйзамга ылайыкташтырып бергендигин айткан.

Жалал-Абад шаардык кеңешке ат салышкандардын тизмеcин Sputnik Кыргызстандын инфоргафикасынан көрө аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0