БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Эркин жана грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргызстандан өлкө намысын төрт спортсмен коргойт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентигинин маалымат кызматы кабарлады.
Будапешт шаарында 8-декабрдан 12-декабрга чейин өтө турган дүйнөлүк чемпионатка эркин күрөш боюнча 61 килограмм салмактагылар арасында Адилет Маматаев жана 70 килограмм салмактагылардан Эламан Догдурбек уулу күч сынашат.
Андан сырткары, грек-рим күрөшү боюнча Кайрат Түгөлбаев менен Атабек Азизбековдор дагы чемпиондук үчүн ат салышат.