БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын 7-кичи районундагы мектепте чыккан өрттөн жабыркагандар болгон жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Тез жардам станциясынан билдирди.
Эске сала кетсек, бүгүн, саат 08:40 ӨКМге өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
"Учурда окуя болгон жерде бир бригадабыз күзөттө турат. Алардын айтымында, кырсыктан жабыркагандар жок", — деп билдиришти алар.
Белгилей кетсек, буга чейин мектептин мугалими да өрт чыгаары менен окуучуларды чыгарып кеткенин айткан.
Ал эми жеринен иштеп жаткан кабарчыбыз тилсиз жоо мектептин ичин каптагандыгын кошумчалады.
Бишкектеги жеке мектептен чыккан өрттөгү кадрларды Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүздөр>>