Дүйшөмбү күнү өлкө аймагында күн ачык болот

Жазылуу
Жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. 28-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Бишкек шаарында күн ачык болуп, кар жаабайт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Бишкек шаарында күндүз 4 градуска чейин жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 3 градус жылуу болот. Таласта 5 градус, Нарында 11 градус суук. Ысык-Көлдө 1 градуска чейин жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0