БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кара-Кулжа районунун бир катар аймактарындагы кардын калыңдыгы бир метрге чейин жетип, эл жарыксыз калганын ӨКМден кабарлашты.
Билдирмеге караганда, калың кар Алайкуу өрөөнү менен Ой-Тал, Кызыл-Жар жана Алайкуу айыл аймактарына түшкөн. Анын кесепетинен электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.
"Мындан тышкары Көндүк, Терек, Коочаты жана Көгарт айылдарында ички чарбалык жолдор жабылып калган. Учурда жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Оштун Мырзаке — Алайкуу унаа жолунун үч жеринде кар күрткү пайда болуп, жол убактылуу жабылган.