БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. "Тамга — Каракол" жогорку чыңалуудагы 220 электр линиясын куруу үчүн Араб экономикалык өнүгүү боюнча Кувейт фонду 1 миллион доллардан ашык каражат бөлөрүн КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Шаршемби күнү Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Жусупбек Шарипов Араб экономикалык өнүгүү боюнча Кувейт фондунун Азия менен кызматташуу директору Юсуф Аль-Бадр менен жолукту.
"Жолугушуунун жыйынтыгында Аль-Бадр Араб экономикалык өнүгүү боюнча Кувейт фондунун жетекчилиги тарабынан кол коюлган кат келишимди тапшырды. Анда жогорку чыңалуудагы "Тамга — Каракол" линиясынын курууну каржылоо каралган", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Кувейт фондунун кызматташуусу боюнча кеңири маселелерди талкуулады. Анын ичинде 2017-жылы Бишкекте араб фондунун катышуусу менен үчүнчү ирет тегерек стол өткөрүү боюнча да сөз жүрдү.