БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Индияда өтүп жаткан дүйнөлүк сулуулар конкурсунун катышуучулары Кыргызстанга видео салам жолдошту. Аталган видеону Кыргызстандагы сулуулар конкурсунун уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова таратты.
Аталган сынак 6-ноябрь күнү Индиянын борбору Нью-Дели шаарында башталып эртең аяктайт. Конкурста Кыргызстандын намысын 41-жаштагы Наргиза Осмонова коргоодо.
Видео кайрылууда сулуулар Кыргызстанга жалындуу ысык салам жолдоп, каалоо-тилектерин айтышкан.
"Сулуулар сынагы жогорку деңгээлде өтүп жатат. Ага катышуу үчүн 30 өлкөнүн айымдары келген. Күн сайын ар кыл сынактар өтүп, 11-ноябрда финал болот. Буюрса, катуу даярданып жатабыз", — деди Омонованын колдоп барган Рыскүл Намазбекова.
Бул конкурс 2013-жылдан бери өтүп келет. Ага үй-бүлөлүү айымдар катышат. Наргиза Осмонованын эки кызы жана бир небереси бар.