АКШда Трамптын жеңишине болгон нааразычылык уланууда

© REUTERS / MARIO ANZUONIЛос-Анжелестеги нааразычылык акциясынын катышуучулары
Лос-Анжелестеги нааразычылык акциясынын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо республикачыл Дональд Трамп жеңишке жеткен.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен республикачыл Дональд Трамптын жеңишине нааразы болгондор Лос-Анжелестеги негизги көчөлөрдүн бирин тосуп, бир нече чакырымга созулган автотыгындын пайда болушун шарттады. Бул тууралуу РИА Нововсти Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме берип билдирди.

Дональд Трамп избран президентом США - Sputnik Кыргызстан
Дональд Трамп президент болду. АКШдагы кыргыз мигранттар эмне болот?
Маалыматка ылайык, нааразы болгондор Лос-Анжелестен Голливудга кеткен жолду тосуп алышкан. Акция тынч мүнөздө өтүп, бир канча киши полиция тарабынан кармалган.

Ушундай эле нааразычылык акциясы Нью-Йорк, Чикаго, Вашингтон, Филадельфия, Бостон, Сиэтл, Портленд, Орегон, Остинде болгон.

Эске салсак, 8-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо республикачыл Дональд Трамп жеңишке жеткен. Шайлоодо жеңишке жеткен президент 20-январдан тарта кызматына киришет. Демократ Хиллари Клинтон шайлоодо жеңилгенин моюндап, Трампка ийгилик каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0