БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Калинин айылындагы үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен эки эркек кишинин сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, маркумдар 52 жана 37 жашта болгон. Ал эми үй 3-ноябрда түштөн кийин өрттөнгөн.
Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.