БИШКЕК, 1-ноя.— Sputnik. Таласта тилсиз жоо эки адамдын өмүрүн жалмады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Манас районуна караштуу Үч-Коргон айылында болгон.
"Шарип Аке көчөсүндө жайгашкан №161 үй толугу менен күйүп кеткен. Анын аянты 99 чарчы метрди түзөт. Өрт болгон жерден эки адамдын күйүп калган жансыз денеси табылган", — деп жазылат маалыматта.
Учурда каза болгон адамдардын өздүгү менен өрттүн себеби такталууда.