БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Ош шаарындагы Туран кичи шаарчасынын Ишматов көчөсүндө жашаган үй-бүлөнүн үч мүчөсү жаратылыш газына ууланып каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков аймактык кабарчыга билдирди.
"Кечээ, 27-октябрь күнү 49 жаштагы үй ээси, анын 47 жаштагы аялы жана 10 жаштагы кызы кырсыктын кесепетинен каза болду. Алар жаратылыш газына өздөрү уктаган бөлмөдө жаткан жеринен ууланган", — деди Сыдыков.
ШИИБ өкүлү каза болгондордун туугандары соттук-медициналык экспертиза дайындоодон баш тартышканын кошумчалады.