БИШКЕК, 26-окт. —Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
Аталган мыйзам долбооруна 89 депутат макул десе, 15 эл өкүлү каршы деген пикирин билдиришти.
Белгилей кетсек, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча "Кыргызстан", КСДП, "Республика — Ата-Журт" жана "Өнүгүү — Прогресс" фракциялары демилге көтөргөн. Кызуу талкуулардан кийин "Өнүгүү — Прогресс" өз пикиринен баш тартып, ал эми "Ата Мекен" караманча каршы чыккан.