Конституция табылды: ал түп нуска эмес, тарыхый экземпляр деп аталат

Жазылуу
Жогорку Кеңеште издөөгө алынып, аны калың журт карайлап таппай жаткан Конституциянын түп нускасы табылды. Тагыраагы, ал мурун эле бар болгон, Sputnik Кыргызстан агенттиги болгону түп нуска деген эмне экенидигин, ал кайда, эмне болуп катылганын тактап чыкты.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik, Исмаил Мамытов. Жогорку Кеңештин шаршемби күнкү отурумунда Баш мыйзамдын түп нускасы бар-жогу боюнча маселе көтөрүлүп, Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева менен президенттин ЖКдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев Баш мыйзамдын түп нускасы жок экенин билдиришти. Кызыл чеке талаштан улам Молдакун Абдылдаев түп нуска президенттин аппаратында экенин айтып, болгону карандаш, калем сап оңдолгон жазуулары бар экенин тактаган

Ушундан улам коомчулуктан Баш мыйзамдын түп нускасынын бар-жогу боюнча кызуу талкуу жаралып, Sputnik Кыргызстан агенттиги маселени тереңирээк тактап көрүүнү чечти. 

Эске сала кетсек, буга чейин укук коргоочу Токтайым Үмөталиева бир канча ирет 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын түп нускасы өзгөрүп кеткенин айтып чыккан.

Укук коргоочу менен байланышканыбызда булар тууралуу кеп кылды. 

"2010-жылы апрелдеги төңкөрүштөн кийин Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча Конституциялык кеңешме куралган. Мына ошол кеңешмеге мен дагы мүчө болчумун. Кеңешме жазган Баш мыйзам талкууга коюлуп, элдин элегинен өткөн. Анткен менен добушка өзгөртүлгөн варианты чыгып, кийин Эркин-Тоо гезитине жарыяланган. Ошентип Конституциялык кеңешме жазган мыйзам менен Эркин-Тоого чыккан мыйзам башка болуп чыкты", — деди Үмөталиева. 

Укук коргоочу Конституциянын тексти алмашып кеткени боюнча сотко, Юстиция министрлигине жана Башкы прокуратурага кайрылып, тиешелүү жыйынтык ала албаганын кошумчалады.

"Учурда териштирип отуруп алты ар башка Конституцияны алдым. Кайсынысы түп нуска экенинин Башкы прокуратура аныкташы керек", — деди Үмөталиева. 

© Фото / пресс-служба ЖК КР"Ата Мекен" фракциясынын лидери, ошол кездеги Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев
Депутат ЖК VI созыва, лидер фракции Ата-Мекен Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
"Ата Мекен" фракциясынын лидери, ошол кездеги Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев
Ал эми "Ата Мекен" фракциясынын лидери, ошол кездеги Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев Sputnik Кыргызстан агенттигине текст алмаштырылбаганын, буга чейин тегерек столдо элге көрсөткөн Конституция түп нуска эмес экенин билдирди. 

"Буга чейин депутаттык комиссия түзүлүп, Баш мыйзамдын "Эркин-Тоого" текст өзгөргөн эмес деген чечим чыгарган. Ал эми мендеги документ түп нуска эмес. Ал расмий деп эсептелинбейт. Расмий болушу үчүн катталды деген реквизиттери, кирди-чыкты деген белгилери болот. Түп нуска деген Убактылуу өкмөттүн 2010-жылы 19-майда чыккан декретине тиркелип, Борбордук шайлоо комиссиясына кетип, "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланган долбоор. Бул доолбордун түп нускасы", — деди Текебаев. 

Депутат элдик добуш берүү өткөндөн кийин БШК жыйынтык чыгараарын кошумчалады. 

"Референдум өткөндөн кийин БШК жыйынтыгын чыгарат. Анда мынча пайыз менен сунуш кылынган төмөндөгү текст жактырылды деп тиркейт. Ошол түп нуска деп аталат. БШК аны "Эркин-Тоого", анан президенттин аппаратына жөнөтөт. Декретке ылайык, эч кимдин кол коюусу талап кылынбайт", — деди ал. 

© фото предоставлено Акылбеком СариевымБШКнын жетекчиси Акылбек Сариев
Экс-глава ЦИК: выборы все равно не улучшат качество нового парламента - Sputnik Кыргызстан
БШКнын жетекчиси Акылбек Сариев

Анткен менен ошол кездеги БШКнын жетекчиси Акылбек Сариев Баш мыйзам БШКга келбегенин билдирди. 

Акылбек Сариев: БШКга Конституция келген эмес

"Биринчиден, БШКга жөнөтүүнүн себиби жок болчу. Экинчиден, эч кандай укуктук акт болгон эмес. Ошондуктан бизге Баш мыйзамдын долбоору келген эмес. Текебаев бет тырмарлык кылып жатат. Эгер берген болсо документти өткөрүү, алуу деген акт түзүлөт. Ошол кагаздары болсо көрсөтсүн, мен жооп берейин", — деди Сариев. 

Снимок с социальной сети Facebook пользователя Ардак Ж. - Sputnik Кыргызстан
Жоголгон Баш мыйзамды интернеттегилер да "издеп" жатат
Ал "Эркин-Тоого" Баш мыйзамды басып чыгаруу үчүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бергендигин айтып, Конституциялык кеңешменин чечиминен кийин расмий түрдө Убактылуу өкмөттүн декрети менен өзгөртүү киргизилгендигин кошумчалады. 

Ал эми Текебаев болсо Баш мыйзамдын долбоору БШКга жөнөтүлгөнүн айтып, Акылбек Сариев адашып жатканын кошумчалады. 

"Акылбек Сариев адашып жатат. Ал Баш мыйзамдын долбоорун референдумга чыгарды да. Алты жылдан кийин эмнени айтып жатат? Сариев өткөрүп, ал "Эркин-Тоого" жарыялаган. Президенттин аппаратына ошол жөнөтүшү керек болчу", — деди "Ата Мекен" лидери.

Ошол кездеги Конституциялык кеңешменин мүчөсү Эрик Ирискулбеков БШКнын мурунку жетекчиси Акылбек Сариевдин айтканын кайталап, Баш мыйзамдын долбоору Убактылуу өкмөттүн аппаратына жөнөтүлгөнүн кошумчалады. (Ошол кезде Убактылуу Өкмөттүн аппараты президент аппаратынын милдетин аткарган)

"Биз Баш мыйзамды жазгандан кийин кол коюп, Убактылуу Өкмөттүн аппаратына жөнөткөнбүз. Ошол кезде эле Конституциялык кеңешменин жазган мыйзамы акыркы болобу же Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өзгөртүүгө укуктуубу деген сурооо жаралган. Ошондо Өмүрбек Текебаев акыркы чечимди Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү кабыл аларын айткан", — деди Ирискулбеков. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевУбактылуу өкмөттүн аппаратын жетектеген Эмил Каптагаев
Полпред правительства Иссык-Кульской области Эмильбек Каптагаев - Sputnik Кыргызстан
Убактылуу өкмөттүн аппаратын жетектеген Эмил Каптагаев
Ал кездеги Убактылуу өкмөттүн аппаратын жетектеген Эмил Каптагаев Баш мыйзамдын түп нускасы президенттин аппаратында сакталганын айтты.

"Баш мыйзамды референдумга алып чыгуу боюнча Убактылуу өкмөттүн декрети кабыл алынган. Андан соң ага өзгөртүү киргизүү боюнча да декрет чыккан. Мына ошол эки декретке тиркелген Баш мыйзамдын түп нускасы архивде сакталган. Ошол түп нуска", — деди Каптагаев. 

Ал азыркы президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамдын түп нускасы менен ант бергенин кошумчалады.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов
Руководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов
Ал эми президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов Баш мыйзамдын түп нускасы катары "Эркин-Тоо" гезитинде жарыяланып, бүгүнкү күндө архивде сакталып жаткан документти эсептесе болорун айтты. 

"Түп нуска дегенде элдик добуш берүүдөн кийин президент кол койгон документти түшүнөбүз. 2010-жылы президент жок болгондуктан, расмий жарыяланган документ дагы түп нуска деп эсептелинет. Учурдагы кырдаалда "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланып, архивде сакталып жаткан документ түп нуска болуп саналат", — деди Ниязов. 

Президент аппаратынын жетекчиси болгону ошол документтер тиешелүү түрдө иретке келтирилбегендигин кошумчалады. 

Өмүрбек Текебаев: түп нуска эмес, тарыхый экземпляр болот

Ата Мекен фракциясынын депутаты Аида Салянованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Аида Салянова: комиссия түзүп Баш мыйзамдын түп нускасын табалы
"Ата Мекен" фракциясынын лидери, Баш мыйзамдын атасы делген Өмүрбек Текебаев аны түп нуска эмес, тарыхый экземпляр деп атоо керектигин баса белгиледи. 

"Баш мыйзамдын түп нускасы эмес, тарыхый экземпляры деп атоо туура болот. Президент аппаратындагы сакталып жаткан документ тарыхый экземпляр. Андан башка көчүрүлүп, көбөйтүлүп чыгарылган. Бирок баарынын күчү бирдей", — деди Текебаев.

Ошентип анын сөзү боюнча Баш мыйзамдын түп нускасы эмес, тарыхый экземпляры болору, ал президент аппаратындагы архивде сакталып жаткан документ экени белгилүү болду. 

© Фото / Ася ИбраимоваАктап, сырдап, чаптап беребиз. Арзан…
Красим, белим, клеим. Недорого? - Sputnik Кыргызстан
Актап, сырдап, чаптап беребиз. Арзан…

Жаңылыктар түрмөгү
0