Замир Сыдыков: баланы бычактады деп шектелген киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди
"Жаза процессуалдык Кодексинин 94-беренесине ылайык, убакытлуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген. Эртең анын баш коргоо чарасын өзгөртүү же өзгөртпөө маселеси үчүн санкцияга Ош шаардык сотуна алып барылат", — деди Сыдыков.
21-октябрда саат 12.30да Ош шаарынын Гостелло көчөсүнүн жашоочусу өспүрүмдү белгисиз адам бычактап кеткендигин билдирген. Окуя болгон жерге адегенде Кайгуул милициясы, ыкчам тергөө тобу жана Ош шаардык ИИБдин жетекчилиги жана Тез жардам барган. Дарыгерлер баланын ошол жерден каза болгондугун аныктаган.
Кылмышка шектүү катары ошол үйдө жашаган 22 жаштагы коңшусу кармалган.