00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто ответит за травмы и нарушения безопасности на работе? Разбор нового закона «Об охране труда»
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстан транспорттук хаб боло алат — ШКУда транспорт тармагын өнүктүрүү каралды
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Пассивдүү жашоо образы дүйнөдө өлүмдүн төртүнчү себеби болуп калды — буга эмне кылуу керек?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:06
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ош шаарында 12 жаштагы өспүрүмдү бычактап өлтүрүп кетишти

Жазылуу
Маалыматтарда каза болгон өспүрүм Ош шаарындагы белгилүү ырчы жана куудул Жеңишбек Айтиевдин уулу экендиги айтылууда.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ош шаардык милициясына бүгүн болжол менен саат 12.30да Ош шаарынын Гостелло көчөсүнүн жашоочусу өспүрүмдү белгисиз адам бычактап кеткендигин билдирген. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков аймактык кабарчыга билдирди.

Окуя болгон жерге адегенде Кайгуул милициясы, ыкчам тергөө тобу жана Ош шаардык ИИБдин жетекчилиги барган. 

"Милиция кызматкерлери барганда Ош шаарынын Гостелло 1Б дарегиндеги үйдүн алдында 12 жаштагы туулган Туратбек Айтиев жаткан. Келген медицина кызматкерлери анын каза болгондугун билдирген. Өспүрүмдүн көкүрөгүнө, мойнуна урулган бычактын изи байкалган", — деп билдирди Сыдыков.

Кылмышка шектүү ошол эле жерден кармалган.

"Бычакты кармап жүргөн маркумдун коңшусу, төмөнкү кабатта жашаган, Россияда иштеп жүрүп келгенине бир ай болгон 22 жаштагы А.Н. шектүү катары кармалды. Ал шок абалда болгон. Алгачкы эле суракта адам өлтүргөнүн мойнуна алды", — деп билдирди ИИМ өкүлү.

Сыдыков окуянын чоо-жайын төмөнкүчө айтып берди.

"Шектүү бул оор кылмышка барганын "үйүмө келип, тамагыма уу салайын деди эле, подъезден кармап алып бычактап таштадым" деп түшүндүрдү. Атасынын айтымында, ал мурда психологиялык оору менен жабыркачу эмес, бирок айрым белгилери байкалып келген. Атайын оорукананын тизмесинде жок", — деди ал.

Сыдыков учурда Ош ШИИБдин тергөө бөлүмү адам Кылмыш кодексинин адам өлтүрүү беренеси (97-берене) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Маалыматтарда каза болгон өспүрүм Ош шаарындагы белгилүү ырчы жана куудул Жеңишбек Айтиевдин уулу экендиги айтылууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0