БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстандык кол өнөрчү Аида Робертова Mercedes-Benz Fashion Week Russia абройлуу иш-чарасында өз коллекциясын тартуулады. Бул тууралуу уюштуруучулардын сайтында айтылат.
Мода жумалыгына катышуу укугуна Робертова Москвада өткөн Надежда Ламанова атындагы профессионал модельерлердин конкурсунда баш байгени алгандан кийин ээ болгон. Сынак быйыл жаз айында өткөн.
Жумалык Москвадагы "Манеж" борбордук көргөзмө залында 12-октябрда башталып, 22-октябрда Санкт-Петербургда аяктайт. Аида Робертованын коллекциясы иш-чаранын экинчи күнүн баштап берген.
Сайттагы маалыматка ылайык, кыргызстандык кол өнөрчү өзүнүн индивидуалдауулугуна басым жасагысы келген адамдарга өзгөчө көңүл бурат.
Робертова быйыл жайында Вячеслав Зайцевдин Мода лабораториясынын дизайнер-модельер мектебин аяктаган. Ага чейин Бишкектеги Кыргыз-орус славян университетинин колледжинен билим алган.