БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Өзбекстанда тик учак кулаганын Sputnik Өзбекстан агенттиги мамлекеттик телеканалга таянуу менен билдирди.
Кырсык Фергана облусунда болгон. Каза болгон тогуз кишинин алтоосу аскерлер экени айтылууда.
"18-октябрда Фергана облусунун аймагында Өзбекстандын Коргоо министрлигинин Ми-171 тик учагы пландуу учууларды жүргүзүп жатып кулап түшкөн. Анын кесепетинен үч экипаж жана Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн алты аскери каза болду", — деп маалымдайт телеканал.
Кырсыктын жоо-жайын иликтей турчу атайын комиссия түзүлдү. Өзбекстандын бийлиги каза болгондордун жакындарына көңүл айтканы билдирүүдө айтылат.