БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Чүйдүн Ысык-Ата районунун Киргшелк айылында турак үй толугу менен күйүп кетип, бир адам каза болгондугун ӨКМден билдиришти.
Анын ичинен 70-жаш чамасындагы кемпирдин сөөгү табылган. Маалыматтарда ал үй ээси деп айтылып жатат. Учурда өрттүн эмне себептен чыкканы такталууда.
Тилсиз жоо жалпысынан 80 чарчы метр жерге жайылган.