БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында кыргыз тилинин тазалыгы, көөнө сөздөрдү арттыруучу атайын "Устат" академиясы ачылды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Академияда кыргызча так сүйлөп, туура жазууну үйрөтүү менен бирге кыргыз журналистикасынын жаңы мууну жаңыча көз караш менен даярдалат. Ошондой эле элдик оозеки чыгармачылык, сөз чеберчилиги да үйрөтүлөт.