БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Былтыр сентябрь айында Жим Керринин каза болгон мурдагы сүйлөшкөн кызынын энеси Голливуд актеруна каршы Лос-Анджелестин сотуна доо арыз жазды. Ал актерду кызынын өлүмүнө себепкер деп айыптаган. Бул тууралуу Британиянын Би-Би-Си телерадиокорпорациясына шилтеме кылып РИА Новости жазып чыкты.
Катрион Уайттын энеси Бриджит Суитман анын кызы мыйзамсыз дарыларды ашыкча ичип алгандыгы үчүн каза болгонун, ал дарыны Жим Керри алып бергендигин айтууда.
Арызда актер кызына кылган мамилеси үчүн уялышы керектиги жазылган.
"Биз дүйнө чындыкты билишин каалайбыз. Чынында Жим Керри ким болгонун, анын кызга жыныстык катнаш аркылуу инфекцияларды жугузгандыгы, аны кордоп- басынтканы, кыздын үй-бүлөсүнүн оозун басуу үчүн өзүнүн юристтерин колдонгонун жана кызга мыйзамсыз дарыларды бергендигин айтыш керек", — деп жазылган Лос-Анджелес сотуна берилген документте.
Керри өзүнүн дарегине айтылган дооматтарды "шермендечилик" деп атап, качандыр бир убакта адамдар өз пайдасы мындай иш-аракеттерди жасоону токтоторунан үмүттөнөрүн белгиледи.
Былтыр сентябрь айында полиция Катрион Уайттын жансыз денесин Лос-Анджелестеги үйүнөн табышкан.
Ал көп өлчөмдө дары ичип өзүнө кол салышы ыктымал экени айтылган. ЖМКлар ал өлүмүнө чейин бир нече саат мурун Жим Керри менен мамилесин үзгөндүгүн айтып чыгышкан. Бул учурда Катрион Марк Бертондун мыйзамдуу аялы болчу.