БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Өспүрүмдөрдү коркутуп, акча доолаган 19 жаштагы кыз кармалганын Ош ШИИБдин маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыков аймактык кабарчыга билдирди.
Анын айтымында, укук коргоо органдарына Кара-Суу районунун 53 жаштагы тургуну кайрылган. Анда 17 жаштагы кызынан белгисиз кыздар Курманжан датка көчөсүнөн кармап алып, коркутуу менен 4 миң сом акча талап кылышкан.
"Аталган суммадагы акчаны алып жатканда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан кылмышка шектүү катары калаанын 19 жаштагы тургуну кармалды", — деди Сыдыков.
Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери башталып, кармалган кыздын башка кылмыштарга тиешелүүлүгү текшерилип жатат.