БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Азан айыл тургундарынын уйкусун бузууда. Бул тууралуу "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Болотбек Ибраимжанов парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.
Анын айтымында, айылдарда азан катуу айтылат.
"Айыл жергесинде намаз окуу үчүн айтылган азандар тургундардын уйкусун бузуп жатат. Бул тууралуу шайлоочуларыбыз кайрылышты. Эреже боюнча саат 23:00дөн 07:00гө чейин тыюу салынып, элдин тынчтыгын бузган нерселерге чектөө киригизилген. Анткен менен ал чектөөлөр сакталбай келет", — деди депутат.
Ал аймактагы тургундар кафелердеги катуу музыкаларга да каршы чыгып жатканын кошумчалады.

