БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Ош шаардык прокуратура дүң базардын кире беришине орнотулган тосмолорду мыйзамсыз деп тапканын соодагер Нуркул Шырдаков прокуратуранын жооп катына таянуу менен билдирди.
Эске салсак, Ош шаардык мэриясы дүң базардын сатуучуларын соода жайына киргизбей тосмолорду койгон. Буга 13-сентябрда базардын жашылча-жемиш сатуучу тарабындагы "Тешик-Таш" деп аталган жеринде кырсык катталып, андан 52 жаштагы аялдын көз жумушу себеп болгон. Сатуучулар азык-түлүктөрү чирип, чыгымга учурап жатышканын айтып каршылык акцияга чыгышкан.
"Прокуратура шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин наамына 10 күн ичинде базарга коюлган бетон тосмолорду алып салуу керектигин билдирди", — дейт Шырдаков.
Учурда ар кайсы жерде соода жүгүртүп жаткан сатуучулар "Элди кыйнабагыла! Бизде күнөө жок. Жолду ачкыла" деген ураандарды жазып алышкан.
Буга чейин шаар бийлиги сатуучуларды "Кербен Сарай" аттуу базарга көчүрүүнү пландаган. Бирок сатуучулар ал жакка эл келбейт деген жүйө менен барбай коюшкан.