БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бүгүн 12:00дөн тарта Бишкек — Ош унаа жолунда аба ырайына байланыштуу чоң жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
"Чектөө өлкөнүн түштүк тарабынан Токтогул районунун аймагынан, ал эми түндүк тарабынан Сосновка өткөрүү жайынын аймагынан киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Чектөө качан алынаары азырынча белгисиз экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баса белгиледи.