БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Новосибирск облусунун прокуратурасы КРдин төрт жараны боюнча кылмыш ишти сотко жибергенин аталган прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Тергөөгө ылайык, Кыргызстандын жарандары Россиянын аймагында 5 миң номиналындагы акчаларды, жалпы суммасы 1,5 миллион рублду мыйзамсыз сактаган деп айыпталууда.
Аларга карата баалуу кагаздарды жасалмалоо беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул беренеге ылайык күнөөлүү 8 жылга кесилип, 1 миллион рубль айыпка жыгылат.