БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Сөөктүн чучугун алмаштыруучу жогорку технологиялык борбор Тбилисиде ачылганын өлкөнүн премьер-министри Георгий Квирикашвили билдирди. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.
Анын ачылышына саламаттык сактоо министри Давид Сергеенко менен шаар мэри Давид Нармания да катышкан.
Учурда Грузиянын дарыгерлери Израилдин медиктери менен биргеликте окуудан өтүп жатат.
Премьер-министр жалпы камсыздандыруу системасынын жыйынтыгы менен кымбат баалуу техниканы камтыган борборду ачуу мүмкүн болгонун айтты.
Сөөктүн чучугун алмаштыруу боюнча операциялардын көбү Германия менен Израилде жасалат.