БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев жаштарды үй менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү. Эл өкүлү бул пикирин парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.
Анын айтымында, Бишкек, Ош мэриялары бюджеттен акча албай туруп эле көп кабаттуу үйлөрдү курса болот.
"Мамлекеттик бюджеттен акча албай туруп эле, курулуш компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүп үйлөрдү курса болот. Мен курулуш компаниялардын жетекчилери менен сүйлөштүм, чарчы метрин 300 доллардан берүүгө даяр экен. Мамлекеттик программанын арты менен учурда 300дөн ашуун үй-бүлө турак-жайлуу болду. Бул да жаман эмес. Бирок мамлекеттик кызматкерлер эле эмес, жаштар да үйлөр менен камсыз болсо жакшы болот эле", — деди Акаев.
Депутат бул жаатта Ош шаарынын мэриясы жакшы иш алып барып жатканын айтып, жаштарга үйлөр салынса мигранттардын саны азаярын кошумчалады.