Нурайым Азыкбаева: жолдошумду башында кичинекей бала го деп ойлогом
Ал жолдошу Назбек Кенчинбаев менен кантип таанышып калганын, эмнеге аны жаш бала деп ойлоп жүрөгүн тууралуу айтып, анын талантына башында эле баа берип келгенин билдирди.
"Мурун атам экөөбүз Назбекти концерттерге, кечелерге катышып жүргөнүн көрүп, талантына баа берчүбүз. Назбек аябай жаш көрүнгөндүктөн мектепте окуган бала болуш керек деп ойлочумун. Бир күнү консерваторияда жүрсөм бул дагы жүрөт. Анан таң калып койгом. Кийин студенттер чогулганда Назбек "скрипка менен комузду айкалыштырып бир чыгарма кылбайлыбы" деп айтып калды. Азыркы дуэтти ошондо эле сунуш кылган", — дейт ал.
Азыкбаева Назбектин кичипейил, боорукер, өзүн жакшы алып жүргөнүн жактырганын айтат. Ошондой эле аларды музыка жана сезимдер табыштырганын айтты.