00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жакынкы Чыгыштагы окуяларга карабай, ЕАЭБге мүчө болгонубуздун аркасында мунай жеткирүүдө коркунуч жок
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Большой Брат в магазине: зачем государству знать, что и почем вы купили
12:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын үрөнчүлүгүнүн келечеги кандай — жогорку сапаттагы үрөндөрдүн тартыштыгы
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как вступить в наследство в Кыргызстане и не потерять квартиру: гайд от юриста
14:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенты, квоты и ЕАЭС: как устроено обучение кыргызстанцев на Урале в 2026 году
16:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ближний Восток и цены на билеты: что будет с турсезоном в Кыргызстане
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

АКШнын Нью-Йорк шаарында кыргыз кошогу айтылды

© SputnikИш-чаранын катышуучулары Токтокан Чанчарова (Ала-Бука району) менен Бүсара Азимбаева (Чоң Алай району)
Иш-чаранын катышуучулары Токтокан Чанчарова (Ала-Бука району) менен Бүсара Азимбаева (Чоң Алай району) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Нью-Йорк шаарында өткөн бул иш-чара кийинки жылы Лондондо дагы улантылат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Американын Нью-Йорк шаарында 2001-жылдагы терактынын 15 жылдыгына арналган атайын иш-чара болуп, ага Кыргызстандан эки кошокчу аял барып катышып келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине иш-чаранын катышуучулары Токтокан Чанчарова (Ала-Бука району) менен Бүсара Азимбаева (Чоң Алай району) билдирди.

© Фото / Советалы Айткул уулуАмериканын Нью-Йорк шаарында 2001-жылдагы терактынын 15 жылдыгына арналган атайын иш-чара болуп, ага Кыргызстандан эки кошокчу аял барып катышып келди
Американын Нью-Йорк шаарында 2001-жылдагы терактынын 15 жылдыгына арналган атайын иш-чара болуп, ага Кыргызстандан эки кошокчу аял барып катышып келди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Американын Нью-Йорк шаарында 2001-жылдагы терактынын 15 жылдыгына арналган атайын иш-чара болуп, ага Кыргызстандан эки кошокчу аял барып катышып келди
© SputnikБиздин тилди түшүнбөйт да, бирок анын муңдуулугу элдин көңүлүн бурду. Ар бир мамлекетте аза күтүү ар башка экен. Аны көрүп баары ыйлашты, тилин түшүнбөсө дагы жүрөк туят экен
Биздин тилди түшүнбөйт да, бирок анын муңдуулугу элдин көңүлүн бурду. Ар бир мамлекетте аза күтүү ар башка экен. Аны көрүп баары ыйлашты, тилин түшүнбөсө дагы жүрөк туят экен - Sputnik Кыргызстан
2/3
Биздин тилди түшүнбөйт да, бирок анын муңдуулугу элдин көңүлүн бурду. Ар бир мамлекетте аза күтүү ар башка экен. Аны көрүп баары ыйлашты, тилин түшүнбөсө дагы жүрөк туят экен
© SputnikБиз бирөөнү жоктогондо эчкирип ыйлап, болгон эмоциябызды сөздөр менен чыгарат экенбиз. Башкаларда кошок айтуу кошумча аспаптар менен коштолот экен. Башкы дагы бир өзгөчөлүгү — эркек кошок кошот экен. Бизде эркектер өкүрүп гана тим болушат да
Биз бирөөнү жоктогондо эчкирип ыйлап, болгон эмоциябызды сөздөр менен чыгарат экенбиз. Башкаларда кошок айтуу кошумча аспаптар менен коштолот экен. Башкы дагы бир өзгөчөлүгү — эркек кошок кошот экен. Бизде эркектер өкүрүп гана тим болушат да - Sputnik Кыргызстан
3/3
Биз бирөөнү жоктогондо эчкирип ыйлап, болгон эмоциябызды сөздөр менен чыгарат экенбиз. Башкаларда кошок айтуу кошумча аспаптар менен коштолот экен. Башкы дагы бир өзгөчөлүгү — эркек кошок кошот экен. Бизде эркектер өкүрүп гана тим болушат да
1/3
Американын Нью-Йорк шаарында 2001-жылдагы терактынын 15 жылдыгына арналган атайын иш-чара болуп, ага Кыргызстандан эки кошокчу аял барып катышып келди
2/3
Биздин тилди түшүнбөйт да, бирок анын муңдуулугу элдин көңүлүн бурду. Ар бир мамлекетте аза күтүү ар башка экен. Аны көрүп баары ыйлашты, тилин түшүнбөсө дагы жүрөк туят экен
3/3
Биз бирөөнү жоктогондо эчкирип ыйлап, болгон эмоциябызды сөздөр менен чыгарат экенбиз. Башкаларда кошок айтуу кошумча аспаптар менен коштолот экен. Башкы дагы бир өзгөчөлүгү — эркек кошок кошот экен. Бизде эркектер өкүрүп гана тим болушат да

Бул иш-чара 6-сентябрда башталып үч жумага созулган. Ага 15 мамлекеттен 30 кошокчу келген. Алар өз мамлекеттеринде маркумду кантип жоктоп, кантип кайгыра тургандыктарын көрсөтүп беришкен. Алар биринчи жума даярдыктарды көрүп, калган эки жумасында кошок айтуу салтын келгендерге көрсөтүп беришкен. Иш-чара кечки саат алтыда башталып, түнкү саат 12.00гө чейин уланган. Кыргызстандан баргандар кошокту кезек менен айтышкан.

Чанчарова бул иш-чарада кыргыздардын аза күтүү зыйнатын, өзгөчө аялдардын кошок айтуусун көрсөтүп бергенин айтат.

"Биздин тилди түшүнбөйт да, бирок анын муңдуулугу элдин көңүлүн бурду. Ар бир мамлекетте аза күтүү ар башка экен. Аны көрүп баары ыйлашты, тилин түшүнбөсө дагы жүрөк туят экен", — дейт ал.

Азимбаева Кыргызстанда каза болгон адамды жоктоп ыйлоо башка мамлекеттерден бир кыйла эле айырмалана турганын айтат.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде Маш ботойду аткарып жаткан комузчулар - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарынын 3016 жылдыгында 500 комузчу "Маш ботойду" аткарат
"Биз бирөөнү жоктогондо эчкирип ыйлап, болгон эмоциябызды сөздөр менен чыгарат экенбиз. Башкаларда кошок айтуу кошумча аспаптар менен коштолот экен", — дейт Азимбаева.

Илимпоз Элмира Көчүмкулова бул иш-чарага актер же актрисаларды эмес, нукура айыл жеринде кошок айтып жүргөн кишилер тандалганын билдирди.

"Элечек сыяктуу кийимдерди кийип алып, кошокту жаттап алгандар болбосун деп талап коюшкан. Ошол аза күтүү салты кандай сакталып жатканын бүгүнкүдөй көрсөткүлө дешкен. Андыктан айыл жеринен кыргыздын салтын кармап, аны улантып келе жаткан апаларды тандап, уюштуруучуларга сунуштадык", — дейт Көчүмкулова.

Бул иш-чарага Орто Азиядан Кыргызстандан гана барышкан. 

Быйыл Нью-Йорк шаарында өткөн бул көргөзмө кийинки жылы Лондондо дагы улантылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0