БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары "Манас Менеджмент Компани" ишканасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Андан соң "Манас" аэропортунун жетекчилеринен ишкананын кандайча түзүлүп, кантип аэропорттун карамагына өткөндүгү тууралуу маалымат алып, жыйында мекеменин каржы-чарбалык ишмердүүлүгү жөнүндө да талкуу болду.
Соңунда депутаттар аэропорт ишкананы туура эмес баалап алган деген жыйынтыкка келишип, бул боюнча тиешелүү мекемелер атайын текшерүү жүргүзүүсү керек деген пикирге келишти.
Эскертке кетсек, "Манас Менеджмент Компани" ишканасы 1998-жылдын 21-апрелинде түзүлгөн. Алгач 21 миллион долларга бааланып, кийинчерээк 12 миллион долларга сатып алынган. Учурда анын 100 пайыз акциясына "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому ээлик кылат.