Кыргызстанда 15-21-сентябрь күндөрү ШКУнун терроризмге каршы "Тынчтык миссиясы — 2016" машыгуулары болуп өттү. Ага Кыргызстандан тышкары, Казакстан, Кытай, Россия жана Тажикстандын жоокерлери катышты.
Сирияда БУУнун гуманитардык жардам жүктөлгөн унаалары аткылоого туш болуп, 18 машина жок кылынды.
Лондондо активисттер куткаруучу күрмөлөрдүн "көрүстөнүн" уюштуруп, парламенттин көңүлүн мигранттардын массалык кырылуусуна бурууну көздөштү.
АКШнын биринчи айымы Мишель Обама афроамерикалык музейдин ачылышында экс-президент Жорж Бушту кучактаса, Индонезиянын Ява аралында суу ташкынынан улам 30 адам мерт кетип, 22си дайынсыз болууда.

Кыргызстанда 15-21-сентябрь күндөрү ШКУнун терроризмге каршы "Тынчтык миссиясы - 2016" машыгуулары болуп өттү. Ага Кыргызстандан тышкары, Казакстан, Кытай, Россия жана Тажикстандын жоокерлери катышты. Машыгуулар Ысык-Көлдөгү "Эдельвейс" полигонунда өтүп, ага 2000ге чукул жоокер менен 300 аскердик техника тартылган

Индонезиянын Ява районундагы Гарут аймагында суунун деңгээли көтөрүлүп, ташкындан 30 киши мерт кетти, дагы 22 адамдын дайынсыз экени айтылууда. Адистер мындай кырсык акыркы убакты токойлордун кыйылышынан улам болуп жатканын белгилешти

Сеулдагы Олимпиада паркында сейилдеп жүргөн жаштар

Алепподо БУУнун гуманитардык жардам жүктөлгөн унаалары аткылоого туш болуп, 31 машинанын 18и жок кылынды. Анын кесепетинен 20дан ашуун жай тургун каза болгон

Москвада "Аалам айлампасы" эл аралык фестивалынын ачылыш аземи. Иш-чара Чоң театрдын имаратында өтүп, мында адистер 23-27-сентябрь күндөрү Москванын архитектуралык бейнесин өзгөртүшөт

Деңиз аркылуу өткөн мигранттардын массалык кырылуусуна парламенттин көңүлүн буруу үчүн активисттер Лондондо куткаруучу күрмөлөрдөн "көрүстөн" уюштурушту. Акция БУУнун саммитине карай жасалган

Лондондо өткөн Мода жумалыгындагы Isa Arfen брендинин коллекциясы

Бейшемби күнү Москвада желим продукция өндүргөн кампа күйүп, аны өчүрүүгө 160 куткаруучу менен 46 техника тартылган. Кырсык учурунда имараттын шыбы урап түшкөн. Натыйжада сегиз өрт өчүрүүчү каза болгон. Өрт эртеси күнү гана өчүрүлгөн. Кырсык фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Калькуттадагы кол өнөрчү Дурга-пуджа фестивалынын алдында статуя жасоонун аракетинде. Майрам күз айларында өткөрүлүп, төрт күнгө созулат

Шарлотт шаарында афроамерикалык жарандын атып өлтүрүлүшүнө байланыштуу нааразылык акциялары жанданды. Шаар бийлиги коменданттык саат киргизүүгө аргасыз болуп, кошумча күч тартышкан.
43 жаштагы афтроамерикалык Кит Ламонт Скотт укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан атылган. Маалыматка ылайык, полиция кызматкерлери жай жаран курал таштоо талабына жооп бербегенден кийин атууга мажбур болушканын айтышкан.
43 жаштагы афтроамерикалык Кит Ламонт Скотт укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан атылган. Маалыматка ылайык, полиция кызматкерлери жай жаран курал таштоо талабына жооп бербегенден кийин атууга мажбур болушканын айтышкан.

Шри-Ланканын Коломбо штатындагы базарда желим кумаралардын унаадан түшүргөндөн кийинки жумушчу

Түштүк Корея армиясынын жоокери машыгуу учурунда айнек бөтөкөнү ыргыта чаап жаткан учуру

Мюнхендеги Октоберфест сыра майрамынын катышуучулары

Немис фермер Оливер Ланхейм 550 килограммдык ашкабак өстүрдү

Миландагы Мода жумалыгындагы Gucci коллекциясы

Стивен Спилбергдин "Челюсти" тасмасы Страсбургда өтүп жаткан фантастикалык фильмдердин фестивалында көрсөтүлүп жаткан маал

АКШнын биринчи айымы Мишель Обама Вашингтондогу афроамерикалык тарых жана маданият музейинин ачылышында мурунку президент Жорж Бушту кучактап жатат
