БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Италиялык адвокат тогуз саат бою толук адамдын жанында учуп, кыйналып кеткендигин айтып, Emirates авикомпаниясын сотко берип жатат. Бул туурасында РИА Новости Arabian Business басылмасына таянып кабарлады.
Рейс учурунда жүргүнчү самолёттогу сапарлашы анын орундугуна да отуруп алгандыктан башка жерден орун берүүнү суранган. Мындай суранычка "экипаж эч нерсе болбогондой мамиле жасап, башка орун жоктугун айтып, ал тургай кечирим сураганга жараган эмес".
Жактоочу тогуз саат бою жүргүнчүлөр ары-бери баскан өтмөктө тикесинен туруп, кээде буттары чарчап кеткендиктен отуруп араң жеткендигин айткан.
"Салондо башка бош орундар деле бар болучу",— деп жазган адвокат доо арызында.
Авиакомпания бул боюнча азырынча эч кандай комментарий бере элек.