БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. КРдин Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Сосновкадагы посттон өткөн жылы 63 миллион сом чогулгандыгын Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, аталган пост аркылуу бир күндө 3000ге чукул автоунаа өтүп, 2015-жылы 63 миллион сом чогулган. Бул каражаттар тунеллди оңдоого жана андагы кызматкерлерге айлык төлөөгө жумшалган.
Эске салсак, ушул тапта Жогорку Кеңеште өкмөттүк саат өтүп жатат. Анда мигранттардын көйгөйү, "Коопсуз шаар" программасы, чек ара маселеси жана жол кырсыктарын алдын алуу жаатында талкуу болууда.