Cооронбай Жээнбеков: атаандашабыз десек заманбап технологияны колдонуу керек
Өкмөт башчы кант кызылчасын тамчылатып сугаруу жолу менен өстүрүү процессин көрүп, аларды заманбап техника менен жыйноо ыкмасына күбө болду.
"Алдыңкы ыкмаларды, техникаларды колдонуп, дыйкан-фермелерге жардам бербесек, келечекте коңшу мамлекеттер менен болгон атаандаштыкка туруштук бере албай калабыз. Заманбап технологияны колдонууну жер-жерлерге киргизүүбүз керек", — деди ал.
Жээнбеков мындай аракеттерди жакын арада ишке ашырсак кыска мөөнөттө өнүккөн айыл чарба мамлекети болууга шарт түзүлөрүн баса белгиледи.