Марат Мураталиев: Таластагы бокс турнирине 200 өспүрүм катышып жатат
Таймашка Кыргызстандын жети облусунун спортчулары жана Казакстан менен Тажикстандан келген 12-17-жаштагы өспүрүмдөр катышууда.
"Боксту жандантуу балдарды бейбаштык жасоодон оолак кылып, күч кызматтарына мыкты жаштарды тарбиялоого жол ачылат. Өтүп жаткан турнир үч күнгө созулат", — деди Мураталиев.
Спорттук иш-чара Ата Мекендик согуштун ардагери, II, III даражадагы "Слава" орденинин ээси Молдаалы Мураталиевдин элесине арналган.